24.kg
12:54, 01 сентября 2020, 24.kg

Ата-энелердин 81 пайызы мектептердин аралыктан окуусуна нараазы

Ата-энелердин 81, 2 пайызы мектептердин аралыктан окуусуна нараазы. Бул боюнча 2020-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айтылат.

Сурамжылоого катышкан ата-энелердин 72,7 пайызы онлайн окуунун шарты боюнча алдын-ала билишсе, 25,3 пайызы эч кандай маалыматы болбогондугун айтышат. 55,5 пайызы окуу китептерин өз алдынча түшүнө алышпаса, 33,4 пайызы темаларды өздөштүрүүдө кыйынчылыктар болбогондугун белгилешкен.

Үй тапшырмаларын аткарууга ата-энелердин 38,4 пайызы 1-3 саат убакыт коротсо, 33,2 пайызы 3-6 саат, 19.5 пайызы 6 сааттан ашык жумшаган.

Белгилей кетсек, бүгүн мектепке 1-класстын окуучулары гана барышты. Андан жогорку класстар азырынча онлайн окушат. Билим берүү жана илим министрлиги 1-чейректе окуучулар аралыктан окууну улантарын маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18