24.kg
11:00, 01 сентября 2020, 24.kg

Карантинде милиция кызматкерлери менен урушкан кыз үч жылга кесилди

Бишкекте быйыл коронавирус пандемиясына байланышкан карантин учурунда милиция кызматкерлери менен чатакташкан кыз үч жылга кесилди. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Сот иштери жана чечимдеринин маалыматтык базасы — Sot.kg сайтындагы маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев бул иш боюнча 4-августта өкүм чыгарган. Ага ылайык, 22 жаштагы кыргызстандык жаран Кылмыш кодексинин 355-беренесинин экинчи бөлүмү («Бийлик өкүлүнө карата коркутуп-үркүтүү же зомбулук») менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган.

Жаза өтөө мөөнөтү бул жаран кармалган 11-апрелден тартып эсептелинсин деген чечим чыккан. Ошол эле маалда ал «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде бошотулган.

Соттук териштирүү учурунда айыпталган кыз күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган. Базарга баратканда милиционерлер кыргыз тилинде сүйлөп кайрылганын, алардын эмнеге токтотконун түшүнбөгөнүн, колунан кармап документ сурашканын, жакын жерде жашагандыктан эч нерсе албай чыкканын билдирген. Милиция кызматкерлери колунан кармагандыктан пикир келишпестик чыкканын, алар камерага тартып алганын айткан. Милиция кызматкерлерине акаарат келтиргенин моюнга алып, стресс абалында болгонун белгилеген.

Ал эми сотто жабырлануучу катары өткөн милиционер сөз болуп жаткан жаран беткабы жок бараткандыктан токтотулганын, мамлекеттик тилде документ менен маршруттук баракчаны көрсөтүүнү талап кылып, бирок ал баш тарткандыктан колунан кармаганын айткан.

Быйыл 11-апрелде карантин маалында 22 жаштагы кыз документтерин жана маршруттук баракчасын текшерген учурда милиция кызматкерлери менен айтыша кеткен. Анын ачуу менен милициянын жана өлкөнүн дарегине айткан акаарат сөздөрү Интернетке тарап, талкууга түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18