24.kg
10:26, 01 сентября 2020, 24.kg

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып БШКга кайрылды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясына даттанып Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесин каттоого албоону суранат. Саясатчынын пикиринде, БШКга берилген талапкерлердин тизмеси курултайда кабыл алынган тизме эмес.

Турсунбай Бакир уулу алгач тизмеде 18-орунда болсо, кийин ал 22-орунга жылып калган.

«Бул шайлоо мыйзамдарын орой бузуу. Курултайда кабыл алынган тизме өзгөрбөшү керек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18