24.kg
10:00, 01 сентября 2020, 24.kg

Казакстанда карантин режимин бузгандар тууралуу кабар бергендерге акча төлөнөт

Батыш Казакстан облусунун акими Гали Искалиев карантин учурунда массалык иш-чараларды өткөргөндөр тууралуу полицияга кабар берген жергиликтүү тургундарга сый акы төлөнөрүн билдирди. Сый акынын көлөмү 70 долларга чейин жетет.

Искалиев ыкчам штабдын жыйынында: «Айрымдар муну сөз ташуу жана башка деп аташы мүмкүн. Бирок бул андай эмес, бул коомго колдоо көрсөтүү жана жардам берүү. Бул үчүн бизде акча каралган», — деди.

Анын айтымында, 130 мониторинг тобу эртеден кечке калктуу конуштарды кыдырып, мыйзам бузууларды каттоого жетишпейт. Ошондуктан бийлик жергиликтүү жашоочулардын жардамына муктаж.

Бул арада аймакта карантин режимин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү 34 млн теңгеге (80 миң доллар) жеткен. 551 протокол түзүлгөн. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18