24.kg
18:16, 30 июля 2020, 24.kg

Оштогу белгилүү блогер Адыл Акжол уулу суракка чакырылды

Блогер Адыл Акжол уулу УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ кечки саат 17:00дө өзүн Улан деп тааныштырган белгисиз эркек киши байланышка чыккан.

«Мен өзүмдүн иштерим менен жүргөм. Көптөгөн пландалган съёмкаларым бар болчу, анан эртең менен барууну сурандым. Бирок ал макул болгон жок. Ал азыр келсең өзүң үчүн жакшы болот деп айтты. А мен жумуш убактысы бүтүп калганын айттым, бирок мен келгенче күтүп турушарын билдиришти. Жумуштарымдын баарын таштап, айла жок барууга туура келди», — деп жазган.

Ал белгилегендей, УКМКнын кызматкерлери өспүрүмдөр тарабынан өлтүрүлгөн 29 жаштагы таксисттин өлүмү тууралуу түз эфирди өчүрүүсүн суранышкан.

«УКМКнын кызматкерлери видео улут аралык кастыкты жаратышы мүмкүн деп айтышты. Бирок буга эч кандай негиз жок болчу», — дейт Акжол Адыл уулу.

Бир нече убакыттан соң ал видеону өчүргөн. Бирок, кийинчерээк блогердин YouTube баракчасында 29 жаштагы таксисттин өлүмү тууралуу видео жарыяланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18