24.kg
17:37, 30 июля 2020, 24.kg

Өзбекстанда 234 кош бойлуу аялга коронавирус жугуп, жетөө каза болду

Өзбекстанда пандемия башталгандан бери 234 кош бойлуу аялга коронавирус жукту. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Барно Абдусаматова «Өзбекстан 24» телеканалынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктуруп алган 234 келиндин 120сы айыгып, ооруканадан чыкты. Ушу тапта дагы 2500дөн ашык кош бойлуу аял карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат.

Министрликтин өкүлү вирус жуктурган боюнда бар аялдардын канчасы каза болгонун айткан жок. Анын айтымында, кош бойлуулардын арасында өлгөндөрдүн саны 2,9% (7 киши) түзөт.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ташкентте төрт күндүн ичинде COVID-19дан беш кош бойлуу аял каза болгонун билдирген. Ага чейин Кашкадарыя облусуна караштуу Карши шаарында боюнда бар бир келин көз жумганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18