24.kg
15:39, 30 июля 2020, 24.kg

Курман айт күнү коомдук транспорттор токтотулбайт

Кыргызстанда 31-июль күнү Курман айт майрамы белгиленет. Бирок шаардагы коомдук транспорттордун кыймылы токтотулбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, маршруттар, автобустар жана троллейбустар иш күндөгүдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин, кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт.

Эске сала кетсек, Шаардык штабдын чечимине ылайык автобус, троллейбус жана маршруткалар 1-июлдан тартып ишемби, жекшемби күндөрү ишин токтоткон. Ал эми Курман айт майрамы жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18