24.kg
14:43, 30 июля 2020, 24.kg

Азимжан Аскаровдун сөөгү Өзбекстанга өткөрүлүп берилет

Өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө көз жумган Азимжан Аскаров Өзбекстанда жерге берилет. Бул тууралуу журналисттерге «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова кабарлаган.

24.kg маалымат агенттиги бул тууралуу түшүндүрмө алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Белгилүү болгондой, укук коргоочунун үй-бүлөсү жана туугандары Тышкы иштер министрлигинен сөөктү Өзбекстандын аймагында көмүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Министрлик тарабынан кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу ТИМдин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев түшүндүрмө берди.

«Азимжан Аскаровдун үй-бүлөсүнүн кайрылуусуна ылайык өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, натыйжада тууган-туушкандарынын баардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды милдеттүү түрдө аткаруу талабы менен канааттандырылды», — дейт ал.

Буга чейин каза болгон укук коргоочунун кесиптештери Азимжан Аскаровдун сөөгүн Өзбекстандагы Ташкентке көмүүгө макул болгонун билдиришкен. Ал эми анын балдары ошол жерде жашаары белгилүү болду.

Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ага дем жетпей каза болгону аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18