24.kg
12:22, 30 июля 2020, 24.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине 30-июль коронавирустан каза болгондорду аза күтүү күнүнө карата көңүл айтты.

Коңшу өлкөнүн лидери кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакын арада турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди.

«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус пандемиясынын курмандыгы болгон бир тууган кыргыз жарандарынын элесине арналган 30-июль Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен көңүл айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм», — деп жазылат телеграммада.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18