24.kg
12:16, 30 июля 2020, 24.kg

Ошко Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди

Ошко Москвадан 283 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Анын айтымында, алар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва–Ош аба каттамы аркылуу келишкен.

Маалыматка ылайык, каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындары кайтыш болуп жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар келишкен.

"Чет өлкөдөгү мекендештерди Кыргызстанга алдыртып келүү иш-аракеттери улантылып жатат", - деп берилет маалыматта. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18