24.kg
09:52, 30 июля 2020, 24.kg

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирустан каза болгондорго куран окулд

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон өлкө жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. 

Маркумдарга багышталып Куран окулду.

Улуттук аза күтүү күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат Токтомушев катышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 27-июлунда «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү катары жарыялоо тууралуу» Жарлыкка кол койгон.

Коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасында жайылышы менен бул илдет өлкөнүн көптөгөн жарандарынын өмүрүн алып кетти.

Аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тиешелүү иш чаралар болуп өтөт, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына көңүл ачуучу иш-чараларды жана берүүлөрдү токтото туруу сунушталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18