24.kg
09:23, 30 июля 2020, 24.kg

Сауд Арабиясында быйыл 10 миң киши гана ажылык зыяратка катышат

29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок.

Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.

Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.

Быйыл он миң киши гана зыярат кыла алат, алардын үч миңи — падышалыктын жарандары, калган жети миңи — өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер. Алардын баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришти.

Мекке шаарына башка аймактардан келгендердин дене табы текшерилип, жүктөрү толук дезинфекцияланууда.

Ажылыкты уюштуруу боюнча министрликтин өкүлү Амр Аль-Мадда бийлик бардык гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18