24.kg
16:28, 29 июля 2020, 24.kg

Коронавируска каршы вакцина 50-60 доллардын тегерегинде сатылары божомолдонууда

Америкалык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны 50-60 доллардын тегерегинде болорун божомолдоодо. Бул туралуу Financial Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Американын президенти Дональд Трамп жылдын аягына чейин коронавируска каршы вакцина даяр болорун жана башка өлкөлөргө да бөлүштүрүлө тургандыгын айткан. Ошондой эле, мындай баа АКШ жана ушул сыяктуу экономикасы өнүккөн, жарандардын кирешеси жогору өлкөлөргө коюлмакчы.

«АКШ өкмөтү 600 миллион даана вакцина алуу боюнча Pfizer жана BioNTech деп аталган фармацевтикалык компаниялар менен келишим түзгөн. Алар ар бир дозаны 19,5 доллардан баалап жатат. Демек Moderna компаниясы дагы вакцинанын баасы боюнча ойлонуп көрүшү керек», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, учурда Россиянын вакцинасы бардык сыноолордон өтүп, даяр болуп калды. Бирок анын баасы жана кандай негизде берилери тууралуу маалымат жок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18