24.kg
15:52, 29 июля 2020, 24.kg

Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт

Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт CNN маалымат булагына билдирген.

Маалыматка ылайык, жеңил салмактагы чемпиондук таймаш кайсыл жерде өтөрү айтыла элек. Буга чейин эки мушкер сентябрь айында Абу-Дабиде кезигери айтылган.

«Хабиб менен Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Хабиб акыркы маалда оор тагдырды башынан кечирип жатат. Ал эң жакын болгон атасы, ошол эле учурда машыктыруучусунан айрылды», — деп билдирген Дана Уайт.

31 жаштагы америкалык Жастин Гэтжи 9-майда Жексонвилле шаарында (АКШ) мекендеши Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону болгон. Ал аралаш мушташ спортунда 24 беттешке чыгып, 22син утуп, 2 ирет жеңилген. Ал эми анын атаандашы Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, баарында тең жеңүүчү болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18