24.kg
15:32, 29 июля 2020, 24.kg

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Консулдук бөлүмү иштеп баштайт

Россия элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алууну 30-июлдан баштап кабыл ала баштайт. Бул тууралуу дипломатиялык миссиядан билдиришти.

Белгиленгендей, Оштогу Башкы консулдук 3-августта иштеп баштайт.

Элчилик кошумчалагандай, кабыл алуу Россиянын жарандыгын жана чет элдик паспортторду каттоо маселелери боюнча алдын ала электрондук каттоо (bishkek.kdmid.ru дареги боюнча), ошондой эле документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү (0312612615, 0312612617 телефондору боюнча) аркылуу жүргүзүлөт.

Консулдуктун кызматкерлер алдын-ала жазылуусуз бир гана жарандардын өздүгүн текшерүү, Россияга кайтуу жөнүндө күбөлүк берүү, жарандык абалдын актыларын каттоо, консулдук каттоо жана күбөлүк берүү маселелери боюнча гана кабыл алышат.

Мындан сырткары, келген жарандар үчүн атайын эрежелер камтылган: имаратка кирүүгө медициналык маска менен гана жол берилет, алар күтүү залынын кире беришине орнотулган дезинфекциялоочу эритме менен колун тазалоосу керек, ошондой эле алардын температурасы контактсыз термометр менен өлчөнөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18