24.kg
14:39, 29 июля 2020, 24.kg

Нурболот Мирзахмедов: Медиктер дарыларды күзгө камдап жатышат

Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда дары-дармектерге болгон муктаждык жок. Бул тууралуу пресс-конференцияда аймактагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымдады.

Ал Таш-Көмүр шаарындагы оорукананын директорунун ыктыярчыларга дары-дармек жетишсиздиги боюнча кайрылуусуна пикирин билдирди.  

«Мен оорукананын директору менен сүйлөштүм, ал дары-дармектер жетиштүү экендигин айтты. Мен ага эч кимден коркпостон ачык айтуусун сурандым. Бирок анын айтымында, оорукана дары-дармекке муктаж эмес. Дарыгерлер препараттарды коронавирус илдетинин экинчи толкуну келип калса дагы деп күзгө камдап  жатышат», — дейт Нурболот Мирзахмедов.

Таш-Көмүр шаарында оорукананын абалы оор экендигин жана дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз деп 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдаган. Анын айтымында, ыктыярчылар дагы оорукананын оор абалын билишкен, бирок Таш-Көмүргө чейин жеткирип берүү оор болгон. Ал эми аткаминерлер бул маалыматты четке кагып, шаардын ооруканасында үч айга жете турган дары-дармек бар деп актанууга шашылышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18