24.kg
13:59, 29 июля 2020, 24.kg

Базар-Коргондо дайынсыз жоголуп кеткен эки өспүрүм эже-сиңдиге издөө салынат

Базар-Коргондо эки өспүрүм кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Аук айылынын тургундары 16 жаштагы Нурзада жана 15 жаштагы Нурзия Сабырбековалар 18-июлда Кочкор-Ата шаарынан үйгө барабыз деп айтып чыгышкан, бирок алар кайтып келишкен эмес.

Туугандары жана милиция кызматкерлери элден жардам сурашууда.

Нурзаданын бою: 140-145 сантиметр, ак жуумал, көзү-кашы кара, чачы узун кара түстө. Ал кызыл көйнөк кийип жүргөн.

Нурзиянын белгилери: бою 160-165 сантиметр, көзү-кашы күрөң, чачы сары, кыска. Ал көк көйнөк кийип чыккан.

Photo 172394

Кыздарды көргөн, билгендер болсо 0373450544, 0553780078, 0500140006, 0770140006 номерлери аркылуу милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну суранат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18