24.kg
12:11, 29 июля 2020, 24.kg

Кычкылтек концентратор алдыртып берем деп алдап кеткен жаран кармалды

Элге кычкылтек концентратор алдыртып берем деп акчаларын алып из жашырып кеткен О.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Анын айтымында, ал 1997-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну.

Photo 172373

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштан тышкаары мамлекетте пандемия учурунда ооруга чалдыккан дагы 5 жаранды алдамчылык жол менен ишеничтерине кирип, акчаларын алып качып кеткендиги аныкталган.

Азыркы учурда, жогоруда кармалган шектүү О.М. Кылмыш жана жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 7-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштнр башкармалыгына, Бишкек шаарынын Улан кичирайонунун тургуну 1987-жылы туулган И.Э. арыз менен кайрылган, анда ушул эле күнү Бишкек шаарынын Разакова көчөсүндөгү үйүдүн жанынан бейтааныш Максат аттуу жаран, алдамчылык жол менен ишеничке кирип кычкылтек концентраторун 300 АКШ долларына алып келип берем деп ошол бойдон изин жашырып качып кеткен.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18