24.kg
11:34, 29 июля 2020, 24.kg

Жайыл районунда киши колдуу болуп каза болгон адам менен кылмышкер чогуу ичишкен

Чүй облусунун Жайыл райондук соту 24 жаштагы Р.Б. аттуу жаранды киши өлтүргөндүгү үчүн 12 жыл 6 ай эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө маалымдалды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу чогуу ичишкен шеригин катуу сабап салган. Ал алган жаракаттарынан улам көз жумган.

«Тактап айтканда, Р.Б. маркумдун колу-бутун байлап, андан соң анын оозуна баш кийимин тыгып, унаанын дөңгөлөгүн тагып алып тепкилеп сабаган. Сотто Р.Б. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, ал маркум менен окуя болгон күнү таанышкан, ал ичимдик ичүүнү сунуш кылган. Арак ичип отурушуп ортодон чыр чыккан. Р.Б. шеригин катуу сабап туруп таштап кетип калган», — деп айтылат өкүмдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18