24.kg
10:05, 29 июля 2020, 24.kg

Караколдо коомдук транспорт иштеп баштады

Караколдо коомдук транспорт жандана баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, мындай чечим штаб тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу үчүн кабыл алынган.

«Кечээ штабдын отурумунда Караколдогу коомдук транспорттун ишин калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү. Көпчүлүк демилгени колдошту, бирок бир гана транспорттук салондордо маска режимин сактоо шарты менен гана. Эл көп жүргөн жерлерде, мисалы коомдук транспортто же дүкөндө маска кийүү адамды вирустардан коргойт», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18