24.kg
09:58, 29 июля 2020, 24.kg

Кыргыз Эл жазуучусу Кадыркул Даутов 79 жашында дүйнө салды

Адабиятчы, кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Даутов катуу оорудан улам 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан барлашты.

Photo 172356

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1961-жылы Токмоктогу маданий-агартуу мектебин, 1969-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн.

1970-1973-жылдары Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтунда окуган, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын коргогон.

Ушул эле жылы Кыргыз совет энциклопедиясынын адабият жана искусство редакциясынын башчысы болуп дайындалган, 1974-1975-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кызматкери, 1976-1981-жылдары советтик тил жана адабият секторунун башчысы болуп иштеген.

2007-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору болгон.

Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан тартып адабий сын жаатында иштей баштаган. 1977-жылы «Ырдын өмүрү» аттуу адабий-сын макалалар жыйнагын жарыялаган. Жыйнак кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.

Ал адабий сындын келип чыгышын жакшы айырмалап, ушул тармакта бийиктиктерге жетип «профессор» атыккан.

1978-жылы СССР Жазуучулар союзуна кабыл алынган. Жогорку жетишкендиктери жана өлкөнүн маданиятынын жана адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2000-жылы «кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын, 2016-жылы — «Кыргыз Эл жазуучусу» наамын алган.

24.kg маалымат агенттиги Кадыркул Даутовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18