24.kg
09:44, 29 июля 2020, 24.kg

АКШ менен Орусия өзөктүк курал боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөрүн баштайт

28-июлда Вена шаарында АКШ менен Орусия өкүлдөрүнүн өзөктүк курал боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөрү башталат.

Өткөн айдагы талкуунун биринчи айлампасында тараптар 2010-жылы кол коюлган «Стратегиялык чабуул коюу куралдарын чектөө чаралары тууралуу» келишимди талкуулашкан. Ага ылайык, тараптар узун аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбашы керек.

22-23 июнда Венада уюштурулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ президентинин куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарманы Маршалл Биллингсли Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен бирге бул боюнча бир нече «техникалык» иш топторун түзүүнү чечишкенин айткан.

Ал ошондой эле экинчи жолугушууда мөөнөтү эмдиги жылдын февраль айында аяктай турган келишимди жаңылоо караларын кошумчалаган.

Бир күн мурда Венада АКШ менен Орусия ортосунда космостогу коопсуздук тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Вашингтон космосто да жоопкерчиликтүү аскердик аракеттерди жүргүзүүнүн эрежелерин киргизүүнү сунуш кылууда

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18