24.kg
17:29, 28 июля 2020, 24.kg

Кубатбек Боронов: Биз ыктыярчылардын эмгегин баалайбыз жана кызматташуга даярбыз

Премьер-министр дарыгерлерге ыктыярчылардан жардам алууга тыюу салынды деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу пикирин брифингде маалымдады.

Ал коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ыкыярчылардын эмгегин баса белгиледи.

«Өзүңүздөр билгендей ыктыярчылар менен президенттин жолугушуусу болду. Ошондой эле Ак үйдө дагы сүйлөшүүлөр болуп өттү. Биз тыгыз кызматташууга даярбыз. Ыктыярчылар эң негизги жардамчы болуп эсептелинет. Алардын жасаган иштерин баалайбыз. Өкмөттүн атынан ыктыярчылар менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова иш алып барат», — дейт ал.

Эске сала кетсек, буга чейин дарыгерлерге ыктыярчылардан жардам алууга тыюу салыныптыр деген маалымат тараган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18