24.kg
16:43, 28 июля 2020, 24.kg

Облустардагы эпидемиологиялык абалга өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жооптуу

Облустардагы эпидемиологиялык абалга аймактардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жооптуу. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде маалымдады.

Анын айтымында, алар буга чейинки белгиленген тартиптерди ошол бойдон сактап, улантуу керек.

«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек», — дей Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18