24.kg
16:35, 28 июля 2020, 24.kg

Медициналык кызматкерлерге компенсация катары 477,4 миллион сом жумшалды

Медицина кызматкерлерине айлык акыларынан тышкары төлөнүүчү компенсацияларга жалпысынан 477,4 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде маалымдады.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 51,8 миллион сом бөлүнгөн.

«Алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 51,8 миллион сом, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунан 425,6 миллион сом төлөнүп берилген. Ал эми июль айы үчүн — 234 миллион сом компенсациялык төлөмгө жумшалат», — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18