24.kg
15:54, 28 июля 2020, 24.kg

«Ак шумкар» улуттук курама тобунун капитаны Валерий Кичин уулдуу болду

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин уулдуу болду. Бул тууралуу Валерий Кичиндин Instagram баракчасы аркылуу маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Валерий Кичиндин жубайы Алина бүгүн көз жарды.

Эске сала кетсек, Валерий Кичин красноярсктын «Енисей» курама командасы менен бирге оюнга катышат, алар Крымск шаарында машыгууну башташкан. 23-июлда «СКА-Хабаровск» командасына каршы эки оюн өткөрүлгөн. Бул оюнда биздин футболчу негизги курамдын экинчи оюнуна чыгып, беттеш маалында каршылашы менен мушташып кеткен. Ал адегенде атаандашын бетке чаап, андан соң ала салып көтөрүп чаап салган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18