24.kg
14:21, 28 июля 2020, 24.kg

Бишкекке Москвадан 233 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Москвадан 233 кргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, алар «Урал авиалиниясы» авиакоипаниясынын Москва — Бишкек аба каттамы аркылуу келишкен.

«Россиядагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер, кош бойлуу аялдар жана кичинекей балдары бар аялдар учуп келишти. Ошондой эле Россияга операция жасатканга баргандар, жакындарынан айрылган жарандар, оор турмуштук кырдаалга туш болгондор дагы бар», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18