24.kg
14:01, 28 июля 2020, 24.kg

Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды

Азамат Дороев Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бул буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон.

Азамат Дороев 2011-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жаңы маалыматтык технологиялар институтун аяктаган. № 89 орто мектебинде информатика сабагы боюнча мугалим болгон, аны менен катар муниципиалдык ар кандай кызматтарды аркалап келген. Ошондой эле Муниципиалдык территориалдык башкармалыгынын орун басары, райондук администрациянын аппаратынын башчысы болуп иштеген.

Мурдакы аким Максим Ситников ден-соолугуна байланыштуу 2-июлда кызматынан кеткен.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча жана аппараттын башчылыгы дагы алмашты.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18