24.kg
12:29, 28 июля 2020, 24.kg

Айнура Акматова: Ыктыярчылардан медициналык жардам алууга тыюу салынган эмес

«Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан гуманитардык жардамды кабыл алууга тыюу салуу боюнча расмий буйрук болгон эмес», — деп билдирди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде.

Эске сала кетсек, кечээ бир нече ыктыярдуу кыймылдар ооруканалар алардын жардамын алуудан баш тартышкандыгын билдиришкен. Алардын айтымында, дарыгерлер тамак-аш, жеке коргонуучу каражат жана башка жардам алууну токтотушкан. Эми медицина кызматкерлери алган жардамдары тууралуу жетекчиликке отчет бериши керек. Ыктыярчылардан гуманитардык жардам алган дарыгерлер жумуштан бошотулушу мүмкүн деп коркутушкан.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай көрсөтмөлөрдү өлкөнүн бир дагы облусуна берген эмес. Тескерисинче, эпидемиянын башталышынан тартып өлкө үчүн оор кыырдаалда клиникаларга, дарыгерлерге жана саламаттыкты сактоо тутумдарына тез жана керектүү жардам көрсөткөн баардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз, биргелешкен аракеттер менен гана биз бейтаптардын өмүрүн сактап кала алабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18