24.kg
09:51, 28 июля 2020, 24.kg

Токмокто окуучуну сүзүп, из жашырып кеткен кылмышкер кармалды

Токмок шаарында 11 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, андан соң из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, окуя 23-июлда болжол менен саат 16:30 чамасында болгон.

«Токмок шаарында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа 11 жаштагы баланы сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Жол тескөөчүлөр тарабынан шектүү айдоочу 27-июлда кармалды. Ал милицияга жеткирилип, унаа айып короого киргизилди», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18