24.kg
09:29, 28 июля 2020, 24.kg

Эвакуаторго жүктөлгөн мотоциклди айдап качып кеткен жаран колго түштү

Аламүдүн районунда эвакуаторго жүктөлгөн мотоциклди айдап качкан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 25-июлда «Чекиш-Ата» базарынан алыс эмес аймакта жолдун жээгинде ээси жок мотоцикл токтотулганы тууралуу маалымат түшкөн. Транспорт каражатын айып короого киргизүү чечими кабыл алынып, эвакуатор чакырылган. Бирок жолдон мотоциклди белгисиз адам айдап качып кеткен. Кечээ ал колго түшкөнү маалым болду. 

Анын айтымында, ал мотоциклине протокол түзүлө элегинде алып качып кетүүнү көздөгөн. Ал эми бул кылмыш иши экендигинен маалыматы бар экенин айтат. 

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда мотоциклди эвакуаторго алып бара жаткан унаанын үстүнөн чечип, айдап качып кеткен видео тараган. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18