24.kg
16:50, 27 июля 2020, 24.kg

Шайлоо-2020. Дагы бир партия үгүт иштери боюнча эскертүү алды

Дагы бир партия мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекеменин басма сөз кызматынын кызматкери Руслан Изреков билдирди.

«Реформа» партиясы социалдык тармактарда программалык тезистер жана партиялык ураан менен видеолорду тараткандыгы үчүн эскертүү алды. Ал эми үгүт иштерине 4-сентябрдан баштап уруксат берилген. Ага чейин саясий уюмдар өздөрүн интернетте же массалык маалымат каражаттарында жарнамалабашы керек«, — дейт ал.

Руслан Изреков кошумчалагандай, саясий бирикменин өкүлдөрү бардык видеолорду жана партиянын сайтына таянган шилтемелерди алып салууга убада беришкен.

Буга чейин ушундай эле эскертүү «Бирик» партиясына берилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери 4-сентябрда башталаарын эскертет. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Тизмелер квота талаптарын эске алуу менен түзүлүшү абзел.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18