24.kg
16:37, 27 июля 2020, 24.kg

«Семетей» госпиталында 517 бош орун бар

«Семетей» госпиталында 517 бош орун бар. Бул тууралуу ӨКМин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлга карата «Семетей» госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 109да бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап бар, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орундук бош.

«Семетей госпиталдык пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө», — деп берилет тмаалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18