24.kg
15:29, 27 июля 2020, 24.kg

Мыйзамсыз ташылган 150 миңге жакын акциздик маркалары жок тамеки табылды

Мыйзамсыз ташылган 150 миңге жакын кутуча тамеки табылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Өткөн дем алыш күндөрү финансы полициясы буга чейин катталган соттук териштирүүнүн алкагында Бишкек — Кара — Балта трассасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки автоунааны кармашкан. Автоунаалардын жүк ташуучу бөлүгүн текшерүү учурунда М-М, FAST, Prestige аталыштардагы акциздик маркалары жок тамеки салынган кутулар табылды.

Жалпысынан 290 куту табылган, алардын наркы 7 миллион сомго бааланат.

«Кылмыш иши боюнча чечим чыгарылганга чейин, жүктөрү бар унаалар Мамлекеттик бажы кызматынын убактылуу сактоо кампасына киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат, тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп билдирет Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматында.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18