24.kg
14:54, 27 июля 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министринин отставкага кеткен-кетпегени азырынча белгисиз

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган бөлүмдүн башчысы Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткендиги жөнүндө эч нерсе билбейт. Анын отставкага кетиши тууралуу жергиликтүү маалымат булактарында жарыяланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы дагы бул маалыматты тастыктаган жок жана да жокко чыгара алган жок. Президенттин аппаратына министрди кызматтан четтетүү жөнүндө буйрук келип түшкөн эмес.

Ал эми Сабиржан Абдикаримовдун өзүнөн бул тууралуу маалымат алууга мүмкүн эмес. Андан пневмония илдети аныкталып, жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18