24.kg
13:18, 27 июля 2020, 24.kg

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери регионго жардам берүүнү улантууда

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардамдарды чогултууну улантууда. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Бул жолу чогулган каражаттардын бөлүгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук оорукана үчүн эки муздаткыч жана жеке коргонуу каражаттарынын топтомун сатып алууга багытталды. Жалпысынан 2 муздаткыч, 90 даана коргоочу комбинезон жана 50 даана коргоочу экран-калкан өткөрүлүп берилди.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдарынын эки траншы Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине COVID19 менен күрөшүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги үчүн которулганын белгилей кетмекчибиз.

Андан тышкары, Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына 350 миң сом каражат топтоп, ага дарыларды, антисептиктерди, жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК), ошондой эле эки кычкылтек концентраторун сатып берүү менен жардам көрсөтүштү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18