24.kg
12:42, 27 июля 2020, 24.kg

Ноокат районунда Найман каналына түшүп кеткен 18 жаштагы баланын сөөгү табылды

Ноокат районундагы Найман каналынан түшүп кеткен 18 жаштагы жигиттин талма оорусу бар болчу деген божомолдор айтылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бел айылынын 18 жаштагы тургуну 25-июлда болжол менен саат 19:00 чамасында Найман каналына чөгүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун талма оорусу бар болчу.

Дарыянын нугун башка сайга буруп, издөө иштери жүргүзүлгөн.

«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Каза болгон жаран Чили-Сай дарыясына түшүп кеткен. Суу ичем деппи же сууга түшкөнбү, азырынча белгисиз. Кийимдерин көрүп калган жарандар куткаруучуларга кабар беришкен. Баланын денеси Найман суу сактагычына жетпей табылган», — дейт Найман суу сактагычынын жетекчиси Асылбек Зулпуев.

Баланын кийимдери суунун жээгиннен табылган. Маркумдун жансыз денеси кечээ куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18