24.kg
12:12, 27 июля 2020, 24.kg

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Анын айтымында, 26-июлда саат 22:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүн суу каптап 12 турак үйдүн, Б.Алиев көчөсүндө 9 турак үйдүн короолоруна суу кирген жана Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 23 — 24 — чакырым аралыктарын суу каптаган.

"Тогуз-Торо райондук №46 райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Жарандык коргонуу комиссиясы, жергиликтүү тургундар, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетинен 1 жүктөгүч жана жеке менчик 1 жүктөгүч тартылган. 26-июлда тартылган күчтөрдүн жардамы менен унаа жолду жана турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлгөн", - деп берилет маалыматта. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18