24.kg
11:51, 27 июля 2020, 24.kg

Абитуриенттер документтердин түп нускаларын окуу жылы башталганда тапшырышат

Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында гана берүү керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.

Россия жана Түркиянын мамлекеттеринин эсебинен бөлүнгөн гранттык орундарга «Манас» жана Кыргыз-Россия Славян университети абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу жараянын аталган окуу жайлар аныктайт.

«Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабай, кошумча сынактарды өткөнгөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарын аткарууга тийиш», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, ЖОЖго тапшыруу үчүн 1-турда жалпы 30 миң 173 талон келип түшкөн. Анын ичинен 10 миң 927 абитуриент окууга өткөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18