24.kg
09:58, 27 июля 2020, 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулга «Тез жардам» автоунаасы алынат

Премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн 145 миллион сомго «Тез жардам» автоунааларын сатып алуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. 

Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомго 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык «Тез жардам» автоунааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү даярдык иштери баштады.

15-июлда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы «Тез жардам» машинесин сатып алганын маалымдаган. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар экенин жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгонун кабарлаган. Социалдык тармактын колдонуучулары техникалардын наркын сындап чыгышкан.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18