24.kg
17:50, 24 июля 2020, 24.kg

Жылдын II кварталына салыктык отчеттун мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

Өкмөт салык отчетторунун мөөнөтүн 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартты. Бул тууралуу Экономина министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салык, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

«Токтом кырдаалдын начарлап бара жаткандыгына байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана коронавирус инфекциясынын таралуу коркунучу менен тобокелчиликтерин азайтуу максатында, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынды», — деп түшүндүрөт министрлик.

Токтомго ылайык 2020-жылдын экинчи кварталындагы төмөнкү салык отчетторунун мөөнөтү узартылды:

— Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары салыктык отчеттуулукту, 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгил үчүн;

— мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин;

— жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр (FORM STI-157) боюнча отчетту 2020-жылдын экинчи кварталындагы отчеттук мезгил/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августка чейин узартты.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18