24.kg
16:33, 24 июля 2020, 24.kg

Москвада массалык мушташ уюштурган кыргыз жана тажик жарандары кармалды

Москвада кыргыз-тажик ортосундагы массалык мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, 21-июлда кыргыз жана тажик улутундагы жарандар коомдук жайда мушташып кетишкен. Натыйжада милиция кызматкерлери 18 катышуучуну кармаган.

«Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, кыргыз жактан дагы, тажик тараптан дагы мушташка катыштыгы бар жарандардын мессенджерлер аркылуу жөнөткөн баяндамаларын текшерүү жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, Екатеринбург шаарында өткөн дем алыш күндөрү кыргыз-тажик ортосунда уруш чыккан. Окуядан кийин социалдык тармактарда өзгөчө «WhatsApp» тиркемесинде группалар ачылып, кыргыз жарандары тарабынан тажиктерге каршы чакырыктар айтыла баштаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18