24.kg
15:53, 24 июля 2020, 24.kg

Таш-Көмүр ооруканасы коргонуучу каражаттарга жана медикаменттерге муктаж

Таш-Көмүр аймактык ооруканасында медикаменттер жана жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.

Анын айтымында, ыктыярчылар оорукананын абалы оор экенин билишкен, бирок Таш-Көмүргө чейин логистиканы уюштуруу кыйынга турган.

«Эгер алар Ошко чейин эптеп алып келип жатышса, анда Таш-Көмүргө чейин жеткирүү мүмкүн эмес. Ооруканага бир жолу кийилүүчү коргонуу костюму, гепарин, клексан жана башка дары-дармектер керек. Көйгөйдү чыгарууга жардам бериңиз, мүмкүн бирөө ушул шаарга логистиканы уюштурууга жардам берет», - дейт окурман.

Кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз 24.kg агенттигине 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp же Telegram жөнөтсөңүз болот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18