24.kg
15:39, 24 июля 2020, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин небереси математика боюнча олимпиадада 3-орунга ээ болду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин небереси Селим математика боюнча эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду ээлегендиги үчүн Малайзиядан диплом алды. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, Селим Атамбаев акылдуу эле эмес, абдан боорукер дагы.

«Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп баштаганда, Селим дарыгерлерге дүйнөлүк алдыңкы гроссмейстерден шахмат боюнча онлайн сабак алуу үчүн чогулткан тыйындарын берди. Албетте, андан кийин биз дагы каражат кошуп, кислород концентраторлорун облустагы ооруканаларга жөнөттүк», — деп жазган Кадырбек Атамбаев.

Эске сала кетсек, экс-президент учурда бир нече кылмыш иштерине байланыштуу камакка алынган, алардын экөө- крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз түрмөдөн бошоткондугу жана 2019-жылы 7-8- августтагы Кой-Таш окуясы боюнча, учурда сот иши жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18