24.kg
14:44, 24 июля 2020, 24.kg

COVID-19. Бишкекте тез жардам кызматына кайрылгандардын саны кыйла азайды

Бшкекте пневмония илдетине байланыштуу тез жардамга кайрылгандардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Тез жардам медициналык борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 1 миң 500 чалуу болсо, анын ичинен 319 бейтапка барышкан. Ал эми 74 адам ооруканага жаткырылган.

«Пневмониянын симптомдору менен 51 бейтап кайрылды, алардын ичинен 24ү ооруканага жаткырылды. Мен күндүзгү, түнкү стационарлардын жана биздин оорукананын көрсөткүчтөрүнүн негизинде айтып жатам», — дейт Искендер Шаяхметов.

«Бош орундар бар. Азыр буга байланыштуу көйгөйлөр жок. Акырындык менен кырдаал турукташып бара жатат», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18