24.kg
14:07, 24 июля 2020, 24.kg

Саламаттык сактоо министрлигине жалпы 11 мамлекеттен жардам көрсөтүлгөн

«Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус илдетине карата чет мамлекеттер, эл аралык өнөктөштөр жана жөнөкөй жарандар гуманитардык жардам берип жатышат. Бул гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн Министрликтин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов.

Анын айтымында, келип түшкөн жардам медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык маанидеги буюмдардын 25 аталышын камтыйт.

«Бул убакыттын ичинде, биз 11 чет мамлекеттен жардам алдык, алар: Азербайжан, Кытай Эл Республикасы (КЭР), Түркия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Швейцария, Иран, Өзбекстан, Россия, Америка Кошмо Штаттары. Андан сырткары, жергиликтүү жана эл аралык 65 уюмдан гуманитардык жардам келип түшкөн. Алардын арасында: БУУ системасындагы уюмдар, ПРООН, ТIKA, Алтын Кен, «Нурлуу кайрымдуу кыздар» коомдук фонду жана башкалар бар», — деп кошумчалады Калысбек Шадыханов.

Ал ушундай оор мезгилде кыргыз элине жардам көрсөткөн өнөктөштөргө жана жарандарга терең ыраазычылык билдирип, бул колдоо — баа жеткис экенин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18