24.kg
13:59, 24 июля 2020, 24.kg

Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

«Манас» эл аралык аэропорту бүгүн «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск—Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык шабда маалым болду.

Анын айтымында, Россиядан 182 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргызстан Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон кыргызстандык кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн. Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк — Сахалин, Хабаровск, Владивосток, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларында жашаган жарандар келишти.

«Андан сырткары, Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 300 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди», — деп берилет маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18