24.kg
13:47, 24 июля 2020, 24.kg

Майк Тайсон менен Рой Джондун беттеши 12-сентябрга белгиленди

Көп жылдык тыныгуудан соң Майк Тайсон менен Рой Джондун беттеши 2020-жылдын 12-сентябрына белгиленди. Бул тууралуу Championat.com басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, беттеш Американын Калифорния штатында өтөт.

Эске сала кетсек, Майк Тайсон 2005-жылдан бери ринг аянчасына чыга элек. Ал өзүнүн карьерасы боюнча 58 жолу рингге чыгып, 50 жолу утушка ээ болгон. 2020-жылдын аягында ал рингге кайтарын билдирген.

Ал эми Рой Джон өзүнүн карьерасын 2018-жылы токтоткон. Анын эсебинде 66 утуш бар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18