24.kg
12:35, 24 июля 2020, 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн 145 миллион сомго тез жардам унаасы алынат

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында топтолгон айып пулдар Тез жардам кызматына автоунааларды сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында топтолгон 145 миллион сомго тез жардам унааларын сатып алууга документтерди тез арада даярдоону тапшырды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү даярдык иштерин баштады.

Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жыйналган акчаларды туура жана натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18