24.kg
12:24, 24 июля 2020, 24.kg

Таластыктар «Жерүй» алтын кенин карантинге жабууну талап кылышууда

Талас шаарынын тургундары «Жерүй» алтын кенин карантинге жабууну талап кылышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине активист Айбек Бусурманкулов билдирди.

Анын айтымында,  алтын кен компаниясынын кызматкерлеринин бири пневмония илдетинен улам көз жумган.

«Жергиликтүү тургундардын айтымында, компания ооруп жаткан кызматкерди ооруканага жеткирген эмес. Алар бейтапты аймактан алып чыгып, жолго таштап коюшкан. Аны достору алып кетишкен. Айыл тургундары коронавирус илдети районго жайылып кетет деп кооптонуп жатышат», — дейт Айбек Бусурманкулов.

Митинг бүгүн да уланат. Алтын өндүрүү компаниясынын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына 16.00гө чейин жооп бериши керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18